• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда учурдагы мектеп жана үйлөрдүн курулушунун көлөмү СССР мезгилиндеги көрсөткүчтөн ашты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы билим берүүчү мектептерди жана турак жайларды ишке киргизүүнүн көлөмү союз мезгилиндеги көрсөткүчтөн ашып кеткендигин билдирди.

Кыргызстандын куруучулар күнүнө карата жасаган кайрылуусунда министрлер кабинетинин төрагасы тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымын белгиледи.

“Биздин мамлекеттик тармакта да, жеке тармакта да иштеген куруучуларды куттуктагым келет, сиздер – жаратмансыздар. Биздин алдыбызда зор жана амбициялуу милдеттер турат, бирок ийгиликтерди белгилеп кетүү маанилүү. Курулуш тармагынын айрымдары боюнча союз мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн ашып кеткенибизди көрүп жатабыз. Бул көрсөткүч бизге күч-кубат берсин. Биз 30 жыл артка кылчайып, өткөнгө суктанып келдик. Бүгүн биз эң жакшы күндөрүбүз жана жетишкендиктерибиз алдыда экенин түшүнөбүз. Биз ата-бабаларыбыздын урпактары менен сыймыктанабыз. Ал эми өлкөнүн бүгүнкү жетекчилиги социалисттик мамлекеттин көрсөткүчтөрүнөн ашып кеткени биздин балдарыбыздын, мамлекетибиздин келечеги гүлдөп өсөөрүнөн кабар берет. Экономиканы өнүктүрүүнүн бул жетишкендиктери өзгөчө Эгемендүүлүк майрамынын алдында жана Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө маалында чоң мааниге ээ”, – деди Акылбек Жапаров.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргыз ССРинде 1985-жылы 1096 миң чарчы метр, 1990-жылы 1560 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, бул эң жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2023-жылы 1587,5 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, муну менен советтик мезгилдеги эң жогорку стандарттардан ашып кеткен.

Жалпы билим берүүчү мектептерди ишке киргизүү боюнча эң жогорку көрсөткүч 1968-жылы жана 1987-жылы болуп Кыргыз ССРинде 50 мектеп ишке берилсе, ал ми 2023-жылы 105 мектеп пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий