Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандагы пайдалуу кен байлыктар тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "MINEX Борбордук Азия" X тоо-кен геологиялык форумунда Кыргызстандагы пайдалуу кен байлыктар тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын аймагынын 95%ын тоолор түзөөрүн, алардын тереңдигинде пайдалуу кендерге бай, алтын, көмүр гана эмес, бир кендин эле аймагында 5 млрд тоннадан ашык темир руда, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар титан, азыркы учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ металлдар (европий, цирконий, цезий, лантанид тобу ж. б.) бар экенин белгиледи.

"Мисал катары бир гана кендин аймагында титаномагнетиттин болжолдуу 20 млн тоннага жакын (Кызыл-Омпол), ал эми башка кенде 21 элементти камтыган сейрек кездешүүчү металлдардын 60 миң тоннага жакын (Кутессай-2) кору бар экенин айта алам. Бул запастар 50 жылдан ашык убакыт мурун катталган жана белгилүү геологдор менен илимпоздор жаңы технологияларды колдонуу менен геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлсө бул көрсөткүчтөр кыйла көбөйүшү мүмкүн деген пикирде. Биз өнөктөштөрдү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтөбү", - деди ал.


Пайдалуу кендер — химиялык курамы жана физикалык касиеттери аларды материалдык өндүрүш тармагында натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берген жер кыртышынын минералдык жана органикалык түзүлүштөрү.

Пикир

Оставить комментарий