• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акылбек Жапаров: Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында президенттин администрациясынын коллегиясынын отуруму өтүүдө.

Алгач минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы үч жылда жана үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында өлкөдө аткарылып жаткан айрым иштер боюнча кыскача маалымат берди. Анда ал өлкөдөгү азыркы абал экономиканын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу жагдайды түзүп турганын айтып, ушул шансты толук пайдаланып калуу зарылдыгын белгиледи.

“Эл аралык республикалык институттун баасы боюнча, Кыргызстан уникалдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө, тактап айтканда, мамлекеттик бийликтин жүргүзгөн ишинин курсуна 82% колдоо көрсөтүлүүдө. Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – ИДПнын орточо өсүү темпи 2023-жылы – 7% болсо, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылы 8,1% өсүү менен аяктады жана жалпы суммасы 559 млрд сомду түздү”, - деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы Кумтөрдү эске албаганда улуттук экономиканын өсүү темпи 9,9%ды түзгөнүн кошумчалады.

“Мурунку жылдары экономиканын өсүшү Кумтөргө байланыштуу болчу. Бирок азыркы учурда Кумтөрсүз эле экономикада өсүүлөр катталды. Муну тарыхый көрүнүш деп эсептесек болот. 2023-жылы тарыхый чектен өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ долларын) түздү, бул мурдагы жылдарга караганда бир топ жогорку көрсөткүч. Тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында инфляция 2024-жылдын январь-июнь айларында республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүү темпи 2,4% түздү”, - деп билдирди минкаб төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий