• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Акылбек Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясынын" ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Бишкек шаарында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун ачылышына катышты.

Минкаб башчысы сөзүнүн башында Кытай Эл Республикасынын делегациясын КЭРдин негизделгенинин 75 жылдыгы менен куттуктап, өлкөлөрдү байланыштырган темир жолдун маанисине токтолду.

"Биз бул долбоорго абдан жогору баа берип, аны кылымдын курулушу деп атайбыз. Бул Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү сапатты жагынан жаңы деңгээлге алып чыгат", - деген минкаб башчысы бул долбоорду ишке ашыруу бүтүндөй аймак үчүн, анын ичинде өзгөчө Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүүгө жардам берээрин белгиледи.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы улуу саясатчы Дэн Сяопиндин “бул Жибек жолубу же темир жолбу, эгерде ал биздин өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошсо, анда бул жакшы жол" деген сөзүн кайталап, келечекте Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Улуу жибек жолунунун бир бөлүгү болооруна ишеним артты.

"Бул тарыхый окуяга жетүү үчүн көп жана жемиштүү иштер жасалганы талашсыз. Бирок, бул долбоорду толук ишке ашыруунун биринчи гана кадамы экендигин айта кетүү керек, биздин алдыбызда зор иштер турат. Ошол эле учурда Кытайдан жана Өзбекстандан келген кесиптештерибиздин абдан бай тажрыйбасына таянып, биз бул ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрөбүз деп ишенимдүү айта алам", - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын ачылышына, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн, Кытайдын чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөдө инвестицияларды берүү департаментинин директорунун орун басары, КЭР делегациясынын башчысы Чжан Цзянхуа, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, “Чайна рейлвей интернешнл” компаниясынын башкы директору Чжоу Син баштаган өкүлдөр катышты.

Пикир

Оставить комментарий