Акылбек Жапаров Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, Сегизинчи “Кытай-Евразия: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” ЭКСПОнун расмий ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Дүйнөнүн саясий лидерлерин жана алдыңкы бизнес жетекчилерин чогулткан бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеген минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын негизги инвестициялык багыттарына токтолду.

“Чет элдик ишканалар, инвесторлор жана ишкерлер үчүн Кыргызстан жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо. Кыргызстандын аймагындагы инвестициялар "Инвестициялар жөнүндөгү" КР Мыйзамы менен корголот. Ошондой эле экономиканын ачыктыгы, либералдык соода жана валюталык режим, Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕАЭБге мүчө болушу Кыргызстан инвестиция үчүн келечектүү өлкө экенинен кабар берет”, - деди Акылбек Жапаров.

Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасынын өсүшү өзгөчө туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп, ИДПнын орточо өсүү темпи 7%ды түзгөнүн айткан Акылбек Жапаров, 2023-жылы өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 229 млрд сомдон ашканын кошумчалады. Кыргызстандын экономикасы турукташкандыктан республикада ири инфраструктуралык долбоорлор ишке киргизилүүдө.

“Бул багытта, өзгөчө аймактык маанидеги энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбор Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтыйт. Ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары багытында кызматташууну активдештирүү менен, Кыргызстан “Жашыл Жибек Жолу” демилгесин илгерилетүүдөгү маанилүү звено боло алат. Кыргызстан суу ресурстарына бай, балким бул жаратылыштын өлкөгө берген эң маанилүү белеги”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргызстан эбегейсиз туристтик ресурстарга ээ, ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолуп, бул тармакка кызыккан компанияларды туризм боюнча долбоорлорду ишке ашырууга, Улуу Жибек Жолу боюнча каттамдарды өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды.

“Кошумчалай кетсем, учурда унааларды ташууга болгон суроо-талап жогору, ошол себептүү Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кошумча автожол өткөрүү пунктун ачуу маселеси талкууланып жатат, бул соода-логистикалык кызматташтыкка түздөн-түз кошумча динамика кошот. Транспорт системасын жакшыртуу эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга, ошондой эле Кытай менен Борбор Азияда, Батыш Азияда, Перс булуңунда жана Европада жайгашкан өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө өбөлгө түзөт. Транспорт тармагындагы инфраструктуралык биргелешкен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун жүрүшүн кошумчалайм. Бүгүнкү форум жаркын келечекке дагы бир кадам болуп, баарыбыз үчүн олуттуу жемиштерди алып келсин”, - деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.

Расмий ачылыш аземенде сүйлөгөн делегация башчыларынын жана эл аралык ири каржы уюмдарынын белгилөөсүндө, “Кытай-Евразия ЭКСПО” Кытай менен коңшу мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын маанилүү каналы, ошондой эле Жибек Жолунун экономикалык жактан транспорттук түйүнү болуп калды жана Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсү КЭР СУАРдын Үрүмчү шаарында 2024-жылдын 26-30-июнь күндөрү уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий