Акылбек Жапаров Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын бир катар ири компанияларынын жетекчилери жолукту.

Жолугушуу Акылбек Жапаровдун Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында орун алды.

Алгач минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров “China Railway Intermodal Logistics Co., Ltd” компаниясынын башкы директору Чэн Хунъин менен жолукту. Анда транспорт жана жол куруу тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Өзгөчө Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында ачыла турган “Бедел” жаңы көзөмөл өткөрүү жайынын айланасындагы курулуш иштери каралды. Маселен, “Бедел” эл аралык кургак портуна - комплекстүү башкаруу борбору, бажы кампасы жана логистикалык аймагы, жүктөрдү жыйноо аймагы, финансылык биржа жана көргөзмө борбору, эл үчүн чек ара эркин экономикалык аймагы сыяктуу объекттер кирет.

Андан соң минтаб төрагасы Акылбек Жапаров “Эки өлкө эки парк” долбоору боюнча Кашгар экономикалык өнүктүрүү аймагынын башкаруу комитетинин жетекчиси Гуан Юн менен жолукту. Гуан Юн кытай тараптан бул долбоордун негизи куратору. Сүйлөшүүдө негизинен “Жиабо технолоджи” компаниясы тарабынан Кыргызстандын аймагында машиналарды куроо заводун куруу сүйлөшүлдү. Компания ошондой эле бамбуктан кагаз чыгарууну пландоодо.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров бул Нарын облусу үчүн жакшы инвестиция экенин, министрлер кабинети толугу менен колдоорун билдирди. Инвестициянын жалпы суммасы 130 млн доллар. Долбоорду ишке ашыруу документине “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында кол коюлду, эми курулуш иши үстүбүздөгү жылдын август айында башталат.

Ошондой эле минкаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Shaanxi Automobile Group Co., Ltd” компаниясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда эки тарапка кызыкчылык туудурган автомобиль тармагындагы маселелер тууралуу кенен сүйлөшүү жүрдү.

Мындан тышкары минкаб төрагасы Акылбек Жапаров “Zhicun Lithium Industry Group Co., Ltd” компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Анда тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрдү, тагыраагы Кыргызстанда литийди чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорлорун ишке ашыруу каралды. Белгилей кетсек, бул компания литий батареяларын жана литий карбонатын чыгарууга адистешкен.

Пикир

Оставить комментарий