• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын жетекчилигин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытайлык “Sany” компаниясынын тең негиздөөчүсү, “Sany Heavy Industry” башкармалыгынын төрагасы Сян Вэньбону кабыл алды.

Компания курулуш жана башка атайын оор техникаларды чыгарган алдыңкы компаниялардын катарына кирет.

Минкаб төрагасы “Sany” маркасындагы техникалар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын көптөгөн ири мамлекеттик долбоорлоруна тартылганын белгиледи.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу өлкөлөр ортосундагы биргелешкен долбоорлор биздин мамлекеттер ортосундагы ишкердик жигердүүлүктү арттырууга шарттарды түзүп, ага жараша инвесторлордун көңүлүн бурууда жана кызыгуусун дагы арттырууда”, – деди Акылбек Жапаров.

Тараптар инфраструктураны, транспортту жана курулушту өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

“Sany” компаниясынын тең негиздөөчүсү, “Sany Heavy Industry” башкармалыгынын төрагасы Сян Вэньбо жемиштүү жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин ырастады

Пикир

Оставить комментарий