Акылбек Жапаров: Медициналык базалардын курулушу – калктын ден соолугун бекемдөөдөгү олуттуу кадам

Ден соолук 0

Бишкек, 03.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Медициналык базалардын курулушу калктын ден соолугун бекемдөөдөгү олуттуу кадамдардын бири. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү тенденциялардан жана эл аралык тажрыйбалардан үлгү алуусу маанилүү. Бул багытта Кыргыз медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети бир топ ийгиликтерге жетишти. Мындай иштер дагы улантылып кете бериши зарыл.

“Илим менен өндүрүштүн ортосунда байланыш жакшы болгон эмес. Азыр гана абалды оңдоп жатабыз. Биз мурдагыдай фундаменталдык билимге басым жасабастан, колдонмо илимди өркүндөтүп, заман талабына жараша аракеттер болушу зарыл. Илим рыноктогу суроо-талапты эске алышы керек. Ал эми каржылоо мамлекеттик тапшырмаларга байланыштуу болот. Биз дүйнө жүзүндөгү тенденцияларды эске алуу менен тажрыйбалардан үлгү алышыбыз керек. Бул багытта Кыргыз медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети бир топ ийгиликтерге жетишти. Сиздер жаш адистерди даярдап, келечектин пайдубалын тургузуп жаткан интеллектуалдар болосуздар. Андыктан сиздерден элдин үмүтү абдан зор. Мамлекеттин эң негизги байлыгы эл-журтубуздун саламаттыгы. Сиздердин эмгегиңиздер сый-урматка жана мактоого татыктуу. Алдыда дагы көп ийгиликтер сиздердин жигердүү эмгектен жараларына ишенем”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы медициналык академиянын курамын дагы бир жолу карап көрүп, интеллектуалдык потенциал жогору экендигине ынанганын айтты.

“Окуу жайда 1357 окутуучулар жамааты болсо, анын ичинде үч академик, КР баатыры, 6 Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, 128 медицина илимдеринин доктору, 437 медицина илимдеринин кандидаты эмгектенүүдө. Бүгүнкү күндө 7568 студент билим алууда. Жыл сайын 1,5 миңге чукул бүтүрүүчү жогорку билимге ээ болуп чыгат. Алардын 500ү чет элдиктер”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий