• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык, соода жана маданий тармактарды сүйлөштү. Өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоонун жана эки өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле жакынкы келечекте кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган биргелешкен иш-чараларды жана жолугушууларды өткөрүү пландарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий