• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Акылбек Жапаров менен Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

"Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Шакиржан Саидов Орто-Токой ГЭСти курууга карата аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында алгач ГЭСти куруу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү керек.

Станциянын курулушу China National Machinery Industry Corporation (СНМС) өнөктөштөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Долбоор 2024-жылдын 29-июнунда башталган. Келишимге ылайык ГЭСти толук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт. Курула турган ГЭСтин жалпы кубаттулугу 21 МВт түзөт жана бир жылда 75 млн квтс өндүрөт. Бүгүнкү күндө төмөнкү жумуштар аткарылууда:

  • туннел казуу үчүн жолдун курулушу жүрүп жатат;
  • жумушчулар үчүн шаарча курулуп, ал жерде 45 жумушчу жашап жана жеринде иштеп жатышат;
  • трансформатор орнотулуп, 10 кВ тармагына туташтырылды;
  • көпүрөнүн бетондуулугу камсыздалды;
  • тоннелди жардыруу иштерге лицензия алынды.

Учурда ГЭСтин имараты үчүн казуу жана топографиялык иштер жүргүзүлүүдө. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тийиштүү жетекчилерге ГЭСти куруу иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министр Таалайбек Ибраев Балыкчы РЭТинин аймагындагы темир бетон чыгаруучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып, Балыкчы шаарынын күз-кыш айларына даярдыгы тууралуу маалымат алды.

Ошондой эле министр Ысык-Ата РЭТинин энергетикалык объектилеринин күз-кыш мезгилине даярдыгын жана быйылкы жылга аткарылган иштердин сапатын текшерди. Андан тышкары, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында курулуп жаткан Ысык-Ата РЭТинин курулушу менен таанышты. Министр РЭТти куруп жаткан куруучуларга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү, өз убагында бүтүрүү үчүн куруучулардын санын көбөйтүү керектигин тапшырма берди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ивановка айылында жаңы РЭТтин курулушу башталган. Учурда куруучулар чатырын жаап жатышат. РЭТтин курулушу менен энергетиктерге жакшы шарттар түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий