Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун менен жолукту.

Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

“Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Ушуга байланыштуу Кытай тараптын маалыматы боюнча, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 19 млрд 804 млн долларды түзгөнүн белгилеп кетүү жагымдуу. 2022-жылдагы соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү 30% түздү. Бирок бул чек эмес экенине ишендире алам жана Кыргызстан бардык соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даяр”, - деди ал.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын мындан ары да өсүшүнүн негизги фактору болгон “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, кыргыз тараптан транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, соода алмашууга тоскоол болгон чектөөлөрдү алып салууга, соодада эки тарапка тең пайдалуу шарттарды түзүүгө багытталган.

“Биз мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтип, бул өткөрүү пункттарынын күнү-түнү иштөөсүнө өтүүнү каалайбыз. Бул Кытай тарап үчүн да пайдалуу болот деп ойлойм, анткени Кытайдан Кыргызстанга, андан ары үчүнчү өлкөлөргө дагы чоң көлөмдөгү жүктөрдү жана товарларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Биз кубаттуулукту күнүнө 1000 унаага жеткирүүнү максат кылып жатабыз”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кытай тарапка курулушу аяктоо алдында турган “Кыргыз-Кытай достук көпүрөсү” үчүн ыраазычылык билдирди.

“Эркечтам” өткөрүү пунктунун аймагында ишке ашырылып жаткан дагы бир маанилүү долбоор – бул көмүр логистикалык базасы бар конвейердин курулушу.

Министрлер кабинетинин төрагасы кытайлык инвестициялык компания бекиткен мөөнөт жана пландар боюнча ири долбоорду ишке ашырат деген ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле кытай тарапка Кыргызстандын айыл чарба продукциясын кабыл алуу жана сактоо үчүн “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарынын жанындагы “Улугчат” бажы зонасында көзөмөл кампасынын курулушун тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. Кыргыз тарап айыл чарба продукциясынын жаңы түрлөрү боюнча тиешелүү протоколдорго кол коюу жана бул продукцияны Кыргызстандан Кытайга экспорттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында кытай тараптын жооптуу ведомстволору менен активдүү өз ара аракеттенүүнү күтөт.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун кыргыз-кытай мамилелеринин жогорку деңгээлин белгиледи жана кытай тарап өз ара пайдалуу жана көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даяр.

Кытайдын Вице-премьери белгилегендей “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу бүткүл аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ жана долбоор боюнча иштерди тездетүү жана курулуш иштерин баштоо маанилүү.

Лю Гочжун ошондой эле соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өткөрүү пункттарындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, быйыл “Бедел”өткөрмө пунктун ачуу жана туризм тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады. Ал Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспортуна Кытайдын кеңири рыногу ачык экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий