• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Россиянын өкмөтүнүн сайтында жазылгандай, өкмөт башчылар кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык тармагынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүдө негизги көңүл Россия менен Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиктеги өз ара аракеттенүүсүнө жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү кезектеги жыйынын даярдоого бурулду.

Пикир

Оставить комментарий