Акылбек Жапаров Москвадагы ЭЧЖК комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүндө болду

Өкмөт 0


Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсү (ЭЧЖК — ВДНХ) комплексиндеги “Кыргызстан” күркөсүнө барды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына кыргыз күркөсүнүн ишинин алдыдагы пландары тууралуу айтып беришти. Тагыраагы күркөнүн аймагында улуттук тамак-аштарды камтыган ресторан ачылаары, жыйындар залы болоору, жалпы Кыргызстан тууралуу, өзгөчө анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана өлкөнүн маданияты жөнүндө интерактивдүү маалымат тактайлары орнотулаары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий