Акылбек Жапаров: Мугалимдер эле эмес, дарыгерлер да заманбап компьютерлер менен камсыздалат

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.24./Кабар/. Мугалимдер эле эмес, дарыгерлер да заманбап компьютерлер менен камсыздалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

“Биз ар бир мугалимди эле ноутбук менен камсыздоону максат кылган жокпуз, ошондой эле дарыгерлерди да заманбап компьютерлер менен камсыздоону көздөйбүз. Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгеги маанилүү. Өлкө келечеги сиздерден көз каранды”, - деди ал.

Иш-чаранын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы аймактарга вакциналарды ташый турган 26 унаанын ачкычын тапшырды. Ошондой эле Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, “Саламаттык сактоонун мыктысы” төш белгисинен жана ардак грамотадан тышкары 140 компьютер берилерин айтты.

Пикир

Оставить комментарий