Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы" китебинин автору Ари Покка менен маектешти

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы” китебинин автору, Мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, билим берүү боюнча алдыңкы эл аралык консультант Ари Покканы кабыл алды.

Белгилей кетсек, мектеп директорлорунун эл аралык ассоциациясынын жетекчиси Ари Покка Кыргызстанга өзүнүн кыргыз тилине которулуп, басылып чыккан «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» китебинин бет ачаарына катышуучу үчүн келген.

Жолугушууга “БугуПресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абдытегин да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде билим берүү системасын реформалоо жана балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мектептерде билим берүүнү трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасы тууралуу айтып берди. Ал «Мыкты мектеп. Мектепти финдердей башкаралы» деген аталыштагы басылып чыгарылган китеп, өлкөдөгү мектеп жетекчилерине жана мугалимдерине жакшы таасирин тийгизээрине үмүт артты.

Өз кезегинде билим берүү жаатындагы эл аралык алдыңкы консультант Ари Покка мектептик билим берүүнү реформалоо боюнча демилгелерди жана өлкөнүн жетекчилиги тарабынан балдардын билимине инвестиция катары тандалып алынган өнүгүү приоритеттерин колдоорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий