Акылбек Жапаров Нарын элине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Нарын облусунун активине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик программалардын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

"Президентибиз Садыр Жапаровдун командасынын ишинин жыйынтыгы менен бөлүшөйүн деп келдим. Кочкор районуна 5 миң орундуу турак жайдын курулушуна жаңы эле капсула салынды. Пенсиялар көбөйтүлүп, октябрь айынан тарта анын жалпы суммасы 6 миң 900 сомдон кем эмес болот. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды", - деди ал Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында облустун активи менен болгон жолугушууда.

Ошондой эле минкаб башчысы аймактарды өнүктүрүүгө жарандардын жигердүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик программалардын аткарылышы тууралуу айтып берди.

Жолугушууда инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери да козголду.

Бул жагдайда Акылбек Жапаров жумушчу күчүнүн жетишсиздигин белгиледи, анын айтымында, бул көптөгөн тармактарда, өзгөчө курулуш жана жеңил өнөр жай тармагында байкалат.

Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары менен бөлүшүп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик чараларга токтолду.

Пикир

Оставить комментарий