Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ноокат районунда селден каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Бул тууралуу ЭлТР телеканалы маалымдады.
Акылбек Жапаров каза болгондордун арбагына багыштап куран окутуп, алардын жакындарына көңүл айтты.
Белгилей кетсек, 28-июнда Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдан улан сел жүргөн. Учурда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий