Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин студенттерине лекция окуду

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин студенттери үчүн меймандык лекциясын окуду.

Акылбек Жапаров студенттерге университеттердин өнүгүүсүнүн 4 модели, окутуунун кредиттик технологиялары жана академиялык эркиндик туурасында кенен токтолду.

"Министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Университет 4.0” билим берүү процессин өнүктүрүүнүн концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкты. Ал университетти окутууга, изилдөөгө жана башкарууга инновациялык ыкмаларды камтыйт. Университет бир гана билим бербестен өзүнүн жайгашкан регионунун социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүүнө түз таасир этүүсү абзел" - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле студенттерге бизнес, бийлик жана илимдин биргелешкен аракети, илим, билим менен экономиканын байланышы туурасында айтып берди.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Ош шаарынын мектептеринин директорлору менен жыйын өткөрдү. Анда министрлер кабинетинин башчысы келечек муунду тарбиялоо, билим берүү жаатындагы инновациялык технологиялар туурасында кенен маалымат берди.

"Бизге келечекте окуучулар мектепти бүткөн соң, төрт тилде эркин сүйлөгөн, бир өнөрдүн ээси, мекенчил жана адептүү болушу үчүн биргеликте активдүү аракеттерди көрүү зарыл", - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы учурда жасалма интеллект бардык тармактарда атаандаштык жаратып жатканын, келечектеги муун анын "тилин жатка билиши" керектигин белгиледи.

Аны менен министрлер кабинетинин башчысы өлкө экономикасында жасалып жаткан реформалар туурасында кеп кылып, 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын, анын 6-8 пайызы билим берүү тармагына жумшалаарын белгилеп, бул тармактын кызматкерлерине чоң ишеним артылып жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий