• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бет ачардын жүрүшүндө долбоор туруктуу транспорттук инфраструктураны, анын ичинде жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү, сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү турак жайга, ошондой эле ичүүчү таза сууга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыздап, экологиялык жактан туруктуу урбанизациянын масштабын жана калктуу конуштарды комплекстүү жана туруктуу пландаштыруу жана аларды башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте тургандыгы белгиленди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Ош шаарын өнүктүрүү долбоорунун негизги максаты шаарда ыңгайлуу чөйрөнү түзүү жана шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу болушу керектигин белгиледи.

«Туура жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат аркылуу 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз Евразия экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн арасында эмгек акыны жогорулатуу, салыктарды чогултуу жана ИДПнын көлөмү боюнча алдыңкы орунга чыктык. Быйыл өлкө экономикасына 20 млрд сомдон 50 млрд сомго чейин каражат салууну пландап жатабыз. Эгерде сиздерде адамдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам бере турган реалдуу долбоорлор болсо, биз мындай долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бишкек жана Ош шаарлары «акыркы вагондо» отурбашы керек. Алар өз аймактарын өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болушу керек”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган Ош шаарынын бийлигинин бардык долбоорлоруна колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий