• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акылбек Жапаров президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишин сындады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентинин администрациясынын жыйыында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн ишин сынга алды.

Ал Ош облусу Кыргызстандагы эң чоң облустардын бири экенин белгиледи.

"Ага карабастан өткөн жылы аймакта 1 миң гана жумушчу орун түзүлгөн. Ошол эле учурда Баткен облусунда 5,5 миң жаран жумушка орношкон. Туризм тармагында дагы төмөнку көрсөткүч белгиленүүдө. Ош шаары жана Ош облусунун көрсөткүчтөрү биригип Нарын облусунун көрсөткүчүнө жетпейт. Мындай болбойт", — деди ал.

Пикир

Оставить комментарий