• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Акылбек Жапаров РПО РМТРдин жаңы техникалуу болушу менен куттуктап, унаалардын ачкычын тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ачык акционердик коомуна барды (“РПО РМТР” ААК).

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алгач Акылбек Жапаровго 2023-2025-жылдарга карата “РПО РМТР” ААКты өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Анда санариптик жабдууларынын, санариптик телеберүүнүн социалдык пакетин берүүнү камсыз кылган тараткычтарынын, спутниктик байланыш жабдууларынын жаңыланганы, мамлекеттик теле көрсөтүүлөрүнүн жана радио уктурууларынын программаларын берүү тармагынын кеңейтилгени сыяктуу бир катар иштердин жүргүзүлгөнү айтылды.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров РПО РМТРдин жаңы теле көрсөтүү өткөргүчү жана жаңы санарип компрессиялык техникалуу болушу менен куттуктап, бул модернизацияланууга карай олуттуу кадам экенин белгиледи.

“Сиздердин ишкана жөн гана технологиялык база эмес, бул өз ишин кесипкөйлүк жана берилгендик менен аткарып, республика боюнча сапаттуу уктурууну камсыз кылган адамдардын жамааты. Кыргызстандын эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында да теле жана радиосигналдарды таркатып жатасыздар. Тарыхка кайрылсак, 75 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын радиорелейлик байланыш тармагында пионер болуп, телерадиоберүүлөрдү камсыз кылган сиздердин коллектив болгон. Сиздердин тынымсыз өнүгүүгө жана өркүндөтүүгө болгон ниетиңиздер бүткүл тарыхта – аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүүдөн баштап заманбап технологияларды киргизүүгө чейин көрүнүп турат”, — деди Жапаров

Акылбек Жапаров ишкана кызматкерлеринин Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигин чыңдоого кошкон салымын жогору бааларын айтып, РПО РМТРдин жамаатына жаңы кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, “РПО РМТР” ААК өзгөчө статустагы стратегиялык объект — эл аралык телефон сигналдарын күнү-түнү берүүнү, интернет жана башка массалык маалымат каражаттарынын кызматтарын, өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий