Акылбек Жапаров: “Сакура көпүрөсү” Кыргызстан менен Япониянын достугунун символуна айлансын

Өкмөт 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас районундагы Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясына курулган жаңы көпүрөнүн салтанаттуу ачылышына катышты. Иш-чара видеоконференция аркылуу өттү.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө бул долбоорду колдоп жаткан Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, жаңы көпүрөнүн курулушу Кыргызстан менен Япониянын жемиштүү кызматташтыгынын жаркын мисалы болуп саналат.

"Бул көпүрөнүн ачылышы жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, бул биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу. Биз Япониянын Кыргызстандын өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз жана бул көпүрө көп жылдар бою элибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат деп ишенебиз", - деген Акылбек Жапаров көпүрөнүн сапатына өзгөчө көңүл бурду.

Министрлер кабинетинин башчысы "бул көпүрө эки өлкөнүн достугунун символу болуп калаарын" кошумчалап, ага "Сакура көпүрөсү" деген ысым ыйгаруу демилгесин чоң кубаныч менен колдогондугун белгиледи.

Белгилей кетсек, узундугу 90,5 метр болгон көпүрөнүн курулушу 2021-жылы башталган. Көпүрөнүн узундугу мурдагыга караганда 3 эсеге узун. Көпүрө жана түзүмү, анын ичинде кирүүчү жолдор эң алдыңкы жапон технологиясы менен иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий