Акылбек Жапаров Салык кызматынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Өкмөт 0


Бишкек, 07.06.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

"Мамлекетти өнүктүрүүдө салык кызматынын ролу эбегейсиз. Салык кызматы – бул салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган кубаттуу мамлекеттик орган, мамлекеттик казынанын негизин түзгөн булак. Бүгүн салык кызматынын жаңы имаратын курууга капсула салдык. Бул мамлекетибиздин салык системасын өнүктүрүүдө жана экономикасын чыңдоодо жаңы бийиктиктерге карай дагы бир чоң кадам болуп саналат. Кыргызстандын күч алып бараткан ылдамдыгы күчтүү мамлекет болууга багытталган", - деди ал.

Акылбек Жапаров салык кызматы мамлекеттин негизги өнөктөшү экенин өз иши менен далилдегенин баса белгиледи. Соңку үч жылда салык кызматы акыркы 30 жылда байкалбаган 100 млрд долларлык тарыхый чекти эки жолу ашып өттү (2021-жылы – 105,7 млрд сом, 2024-жылы – 232 млрд сом).

"Жаңы жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болот. Ал куш учкан бийиктиктен караганда, улуттук валютабыз – сомду символдоштурган “С” тамгасынын жана "Салык" сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт. Мындан тышкары, имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул дагы туруктуулукту билдирет", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө жүргүзүүнү тапшырып, салык кызматынын жаңы имараты жалпы жетишкендиктердин жана жаркын келечекке умтулуунун символу болоорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы имараттын жалпы аянты 7,5 миң чарчы метрди түзөт.

Жаңы имаратка Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын, аналитикалык борбордун, ситуация борборунун, дата борборунун жана ишкерлерди тейлөө борборунун кызматкерлери жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий