Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын Компартиясынын Партиялык комитетинин катчысы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

МинКаб Төрагасы кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери абдан жогорку деңгээлде экенин белгилеп, анын ичинде жакында Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна болгон иш сапарынын алкагында курулушка, гидроэнергетикага, билим берүүгө багытталган 1 млрд доллардан ашуун бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн жана прогрессивдүү жылышына токтолуп, бул линия дүйнөлүк рынокко эң кыска жол болуп, аны толугу менен камсыздай турганын, өлкөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр кыскараак жана кирешелүү маршрутка айланат жана Евразиялык транспорт тармагынын түзүмүн өзгөртөөрүн кошумчалады.

Ал ошондой эле өзүнүн маектешине Кыргызстанда күчөтүлгөн колдоо чаралары жана коопсуздук кепилдиктери менен өзгөчө “стратегиялык инвестор” статусун киргизүү жөнүндө айтып берди жана өлкөнүн айыл чарба потенциалын эске алуу менен Кытай рыногуна өзгөчө Шаньдун провинциясына ата мекендик продукцияны жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле чек ара соодасын өнүктүрүү, электрондук коммерция, логистикалык борборлорду, бажы зонасын жана индустриалдык парктарды курууну талкуулашты.

Кытайдын Шаньдун провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн белгилеп, МинКаб Төрагасын Шаньдун провинциясына иш сапары менен келүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий