Акылбек Жапаров Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан Түрк дүйнөсүнүн ортопедия жана травматология конгрессине катышты.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров акыркы 3 жылда саламаттыкты сактоо тармагына мамлекет тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Саламаттык сактоо тутумунун консолидацияланган бюджети 2010-жылы 5 миллиард сом, 2023-жылы 37,2 миллиард сом болсо, 2024-жылга 40 миллиард сомго жакын каражат каралган. Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы маселеси кайра каралууда.

Өткөн жылы 20 жаны оорукана курулган. Бул ата мекендик адистердин биздин медицинага кайтып келиши үчүн жагымдуу шарттар.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн кыйынчылыктар менен бирге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр да бар. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, травматология жана ортопедия да четте калбайт. Билим жана тажрыйба алмашуу - бул абдан маанилүү аспект. Бул бир жагынан илимдин өнүгүшүнө, аны алдыга жылдыруусуна жардам берсе, экинчи жагынан иш жүзүндө кетирилген катачылыктарды жоюп, жаңы ыкмалардын, технологиялардын жардамы менен бийиктикке жетүүгө жардам берет. Мындай конгресстер жана форумдар идея жана тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча болуп саналат», - деди ал.

Өз сөзүндө минкаб башчысы Кыргызстандагы №1 ортопед-травматолог, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик, эмгек сиңирген дарыгер Сабырбек Жумабековдун 300дөн ашык дүйнөлүк белгилүү окумуштууларды Кыргызстанга чогулткан бул иш-чараны уюштурууга кошкон салымын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий