• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акылбек Жапаров Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон жумуш сапарынын алкагында Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун пленардык жыйынына катышты.

Алгач Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, жалпы Ташкент эл аралык III инвестициялык форумун ачып, жалпы 2,5 миңден ашуун катышуучулардын ишине ийгилик каалады.

Өз кезегинде минкаб төрагасы Акылбек Жапаров, акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агымы жогору болгонун, ошондой эле эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өскөнүн, учурда товар айлантууну 2 млрд долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатканын айтты.

Айта кетсек, Акылбек Жапаров форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, Кыргызстанда курулуп жаткан эң ири Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, форумга Сингапурдун парламентинин Төрагасы Сиа Киан Пенг, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Сауд Арабия Королдугунун энергетика министри сыяктуу бир катар мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду өңдүү бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын катышуусунда өттү.

Адистердин белгилөөсүндө, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Дүйнөнүн 93 мамлекетинин өкүлдөрү чакырылган форумдун программасына мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги пленардык сессия, 50дөн ашуун эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, анын ичинде панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөр кирген.

Пикир

Оставить комментарий