• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү аракети жүрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү инструменти катары кароо керек, алар экономиканын локомотиви болушу зарыл. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, экономиканы реформалоо, жаңы заводдорду ишке киргизүү жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу максатында бир катар ишканалар түзүлгөн.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30 ашуун ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатат. «Кыргызиндустрия» ААК калкасы астында тигүү жана эмерек тармагы үчүн аксессуарларды жана көмөкчү материалдарды өндүрүү, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерин, контролдук-кассалык аппараттарды, персоналдык компьютерлерди, ошондой эле башка инновациялык элементтерди чогултуу долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылууда.

Ата мекендик туризм тармагын өнүктүрүү максатында Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, быйыл – 34 долбоор, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоор ишке ашырыла баштайт», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, токтоп турган Кара-Балта килем комбинатынын базасында синтетикалык жана жарым синтетикалык кездемелерди жана тигүү буюмдарын чыгаруу боюнча текстиль кластерин ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

«Биз токтоп турган ишканаларды сатуу саясатынан аны кайра ишке киргизүүгө өттүк. Мисалга, Майлы-Суудагы электр лампа заводун мамлекет кайтарып алып, аны модернизациялоого 1 млрд сом каралган. Ошондой эле Кара-Балтадагы ремзавод, Кара-Балта шаарындагы «Даназык» мамлекеттик ишканасы да мамлекетке кайтарылды. Токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү аракети жүрүп жатат», - деди ал.

Анын айтымында, пахта-текстиль кластерин түзүү маселеси иштелүүдө. Анын базасында пахта тазалоочу заводду, жип ийрүү фабрикасын, текстиль фабрикасын жана машина-трактор паркын, ошондой эле май чыгаруучу заводду уюштуруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий