Акылбек Жапаров: Улуттун башкы калысы – бул парламент

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Улуттун башкы калысы – бул парламент. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция билдирди.

«Баарыңыздарды министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Жогорку Кеңештин 85 жылдык маараке-салтанаты менен куттуктайм! 85 жылдык маанилүү датаны Жогорку Кеңеш өзүнүн жаңы тарыхында мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө, эл аралык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга, дүйнөлүк жана өлкө ичиндеги коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу жана адилеттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошкон күчтүү жана авторитеттүү бийликтин бир бутагы катары белгилеп жатат. Адилеттүү мамлекетти, бакубат коомду курууда жана туруктуу экономиканы түптөөдө, биздин эгемендүүлүктү, биздин каада-салтыбызды, нарк-насилибизди, көөнө баалуулуктарыбызды сактоодо – элдин бузулбас биримдиги алдыңкы баскычта турат. Бул биримдик алды менен эл жакшылары, эл өкүлдөрү чогулган жерде, ийри отуруп, түз чечкен ордодо көрүнөт, башкарылат, тескелет. Ал ордо – азыр Жогорку Кеңеш. Президентибиз өз куттуктоосунда мамлекеттүүлүктүн пайдубалын курууда Жогорку Кеңештин кошкон салымын белгилеп өттү. Улуттун башкы калысы – бул парламент», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Жогорку Кеңеште айтылган ар бир сөздүн салмагы бар. Бул сөздөр Кыргызстандын коомчулугунда жана бийлик түзүмдөрүндө Жогорку Кеңештин маанисин жана ролун чагылдырат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин чечимдери жана билдирүүлөрү олуттуу кабыл алынууга жана кынтыксыз аткарылууга тийиш.

«1991-жылы Жогорку Кеңеш биринчилерден болуп суверендүүлүктү жарыялады. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн БУУ биринчилерден болуп тааныды. Бүгүн Кыргызстан 120 эл аралык уюмда мүчөлүктө турат. Парламентте ар түркүн ойлор айтылат, ал – элдин үнү. Элдин үнү угулуп, урматталууга тийиш. Жогорку Кеңештин иши элдин маанайын, өлкөнүн абалын, жарандардын жашоосун чагылдырат», - деди ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө белгилегендей, республика өнүгүүнүн жаңы этабына кирип, экономика тармактары чыңдалып, туруктуу өнүгүү үчүн бардык зарыл кадамдар жасалууда.

«Кыргызстандын күчү – ал биздин элибизде, каада-салттарыбызда, маданиятыбызда, экономикабызда, бекем мамлекеттик чек арабызда, кол тие элек жаратылыш байлыктарыбызда жана коргонуу жөндөмүбүздө. Бирок эң негизгиси – биздин күчүбүз, албетте, элибиздин биримдигинде», - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий