• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акылбек Жапаров Улуу Британиянын Парламентинин Тышкы иштер комитетинин төрайымы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Парламентинин Жамааттар Палатасынын Тышкы иштер комитетинин төрайымы Алисия Кернс баштаган депутаттар менен жолукту.

Алгач МинКаб Төрагасы британ парламентинин кыргыз делегациясын жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле эки өлкөнүн партиялары кыргыз-британ мамлекеттер аралык мамилелерин куруу боюнча олуттуу иштерди аткарганын, аны менен саясий диалог жана парламенттер аралык кызматташтык түзүлүп, эки тараптуу келишимдик-укуктук база түзүлгөнүн кошумчалады.

“Борбордук Азия чөлкөмүндө кыргыз парламенти бийликтин күчтүү жана көз карандысыз бутагы экенин сыймыктануу менен белгилегим келет. Буга байланыштуу Кыргызстандагы парламентаризмди мындан ары бекемдөө үчүн Улуу Британиянын парламенти менен биргелешип иштөөнү улантуу маанилүү”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Улуу Британиянын Парламентинин Жамааттар Палатасынын Тышкы иштер комитетинин төрайымы Алисия Кернс британ парламенти эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий