Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бишкек ЖЭБде абал туруктуу

Өкмөт 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.

Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Россия Федерациясынан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда.

Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек», - деди ал.

Президенттик администрацияда өткөн аппараттык жыйында Акылбек Жапаров адистер жарым-жартылай модернизациялоо, бүтүндөй ЖЭБ системасын модернизациялоо, же объектти толук жаңылоо варианттарын изилдей турганын белгиледи.

Анын айтымында, мындан тышкары, аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий