Акылбек Жапаров Кара-Суунун Жаңы-Барак айылындагы курулуш иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Барак айылына барды.

Министрлер кабинетинин башчысы Жаңы-Барак айылындагы жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Белгилүү болгондой, 2024-жылдын 30-майына карата, курулуп жаткан 101 турак жайдын 98нин фундаменттери куюлуп бүтүп, 18 турак үйдүн жеңил конструкция дубалдардары тургузулду. Калган турак үйдүн жеңил конструкция дубалдардары 16-июнга чейин тургузулуп бүтүшү пландалууда.

Ошондой эле 5 кабаттуу көп батирлүү Ынтымак-Достук үйүн долбоорлоого архитектуралык уруксат кагаздары жана долбоордук документтери даярдалып берилди. Долбоорго ылайык көп батирлүү үй 5 кабаттуу 4 блоктон турат. Ар бир блокто 40 даана батир жайгашып, жалпысынан 160 даана батир каралган. Мындан тышкары, кичи футбол аянтчасы жана 2 кабаттуу 140 орундуу бала бакчасын долбоорлоого тиешелүү иш кагаздары даярдалып берилгени туурасында маалыматтар берилди.

Курулуш иштерин жеринен көрүп чыккан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, жергиликтүү бийлик органдарына, жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп келген Кыргызстандын жарандарына тезирээк жашоо шарттарын түзүп, курулуштарды өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий