• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Акылбек Жапаров жакында ишке бериле турган ишканалардын даярдыгын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 31-августка карата ишке киргизилиши пландалып жаткан өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда минкаб төрагасы облустун бир катар ишканаларына барды, анын ичинде Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводдо жана "Миронов" кенинде болду.

Жумуш сапардын максаты – Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында КР Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган бул объектилердин ишке киргизүүгө даярдыгын изилдөө болду.

Акылбек Жапаров калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Биз ишканаларыбыздын ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап технологияларды киргизип, продукциянын сапатын жогорулатууга тийишпиз. Чүй облусу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү картасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек", – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы "Куттуу-Сай" кенинин иши менен да таанышты.

Пикир

Оставить комментарий