• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акылбек Жапаров Жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракесине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Жазуучулар союзунун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө жаңы муунду тарбиялоодо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөдө адабияттын орду чоң экенине токтолуп, балдар адабиятынын өзгөчө маанисин белгиледи.

Акылбек Жапаров ата-энелерди күн сайын уктаар алдында балдарына кеминде 15 мүнөт китеп окууга бөлүүгө чакырды.

«Окулган ар бир сөз балдардын логикасын жана фантазиясын өрчүтүп, эне тили жана маданияты менен байланышын чыңдайт. Бул жөн эле билим эмес, элибиздин келечегине болгон инвестиция», - деп белгилеп, «Алтын казык» программасынын алкагында балдар китептерин басып чыгаруу көлөмү көбөйүп, жакынкы келечекте ар бир кыргызстандык үй-бүлө жогорку деңгээлде иштелип чыккан сапаттуу чыгармаларга жетишээрин кошумчалады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө кыргыз чыгармаларын дүйнөлүк тилдерге жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргыз тилине которуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул тилди жаңы концепциялар, стилдер жана идеялар менен байытуу үчүн зарыл. Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк асаба» же Төлөгөн Касымбековдун «Келкел» сыяктуу чыгармалары башка тилдерге которулушу керек. Ошону менен бирге биз элибизге дүйнөлүк адабияттын шедеврлерин Гетеден баштап азыркы бестселлерге чейин ачып берүүгө милдеттүүбүз. Бул тилибизди байытып гана тим болбостон, анын кадыр-баркын да көтөрөт», - деди ал.

Акылбек Жапаров адабият улуттук маданий ренессанстын негизи экенин баса белгиледи.

«Жазуучуларды колдоо жана жаңы чыгармаларды басып чыгаруу мамлекеттик саясатта негизги орунду ээлейт», - деп белгилеген МинКаб башчысы, өкмөт эң мыкты адабий чыгармалар үчүн сыйлыктарды көбөйтүүнү жана жаш авторлордун чыгармачылыгын өнүктүрүүгө шарттарды түзүүнү пландаштырып жатканын билдирди.

«Биз чоң өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз, бизден тамырыбызды сактап, келечекке умтулуу талап кылынат. Адабият биздин амбицияларыбыздын, үмүтүбүздүн, жетишкендиктерибиздин күзгүсү болууга тийиш. Бүгүнкү аракет - элибиздин эртеңкисине кошкон салым», - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Иш-чарада чыгаан жазуучу-акындарга министрлер кабинетинин сыйлыктары тапшырылып, чыгармачыл бирикмелерге жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде Чыгармачылык үйүн реновациялоо, адабий журналдарга колдоо көрсөтүү жагы да өз-өзүнчө белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий