• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Акылбек Жапаров жетектеген делегация Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация АКШнын Сан-Франциско шаарына жумушчу сапарынын алкагында Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду.

Apple Park IT компаниялардын технологиялык кеңселеринин бири болуп саналат.

Делегация Apple Park концепциясы, имараттардын архитектуралык-долбоордук чечимдери, санариптик инфраструктура менен таанышты. Өкмөт Кыргызстанда IT-парк түзүүнү пландоодо.

Аpple Inc компаниясынын өкүлдөрү менен корпорациянын башкы кеңсесине болгон сапардын алкагында кызматташтыктын келечеги, Кыргыз Республикасында IT тармагын өнүктүрүү жана биздин өлкөдө IT-долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Ошондой эле Apple өнүмдөрү үчүн Siri үн жардамчысы аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү, компаниянын аппараттарына жер титирөөдөн эскертүү функциясын киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар функцияларды ишке киргизүү маселелери көтөрүлдү.

«Биз бул аспектилерди жакшыртуу санариптик чөйрөнү бардык кыргызстандыктар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат деп ишенебиз. Биз бул маселелерди чечүү үчүн Apple менен конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде корпорация өкүлдөрү бул маселелерди изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий