• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Акылбек Жапаров: ЖМКлар мамлекеттик бүтүндүктүн негизги идеяларын колдоого милдеттүү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.01.24. /Кабар/. Өлкөдөгү масштабдуу реформалар учурунда жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) мамлекеттик бүтүндүктүн негизги идеяларын колдоого милдеттүү. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстан бардык сыноолордон жана эксперименттерден өткөн күчтүү мамлекет.

“Учурда Кыргызстанды заманбап инфраструктуралуу, өнөр жайлуу, энергетикалуу, кубаттуу мамлекетке айландыра турган масштабдуу реформалар башталды. Мындай учурда кандай гана медиа, басма сөз эркиндиги болбосун – ал Кыргызстандын мамлекеттик бүтүндүгүнүн негизги идеяларын гана коштоп-колдоого милдеттүү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий