• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Кытайга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-27-июнда жумушчу сапары менен Кытай Эл Республикасына барат.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ал иш сапарынын алкагында Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында өтө турган “Кытай-Евразия ЭКСПО: Жибек жолундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Евразия үчүн жаңы жашоонун күчү” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышат.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар болоору пландалууда, анда буга чейин жетишилген долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, саясий, экономикалык, коопсуздук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кызматташуулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, ал ири корпорациялардын жана компаниялардын жетекчилери менен жолугушуулары күтүлүүдө.

Иш-чаралардын жана жолугушуулардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий