• 87
  • 90.63
  • 0.79

Акылбек Жапаров журналисттер менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров пресс-эрте мененки тамакта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

Иш-чара Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган.

Жыйындын жүрүшүндө минкаб төрагасы коомдук пикирди калыптандырууда журналисттердин ролу чоң экенине токтолуп, санариптик доордо журналисттердин ролу дагы жогорулай тургандыгына ишенимин билдирди.

“Технологиянын тез өнүгүшүнө жана жашообузга жасалма интеллекттин киргизилишине карабастан, журналисттин кесиби маанилүү жана алмаштырылгыс бойдон калууда. Сиздердин иш жөн гана маалымат жеткирүү эмес, ал контекстти түзүү, окуяларды талдоо жана аларды коом үчүн жеткиликтүү кылып көрсөтүү. Техниканын өнүккөн доорунда сиздердин ролуңуздар дагы жогорулайт деп ишенем. Жасалма интеллект адамдын түшүнүгүн, интуициясын жана эмпатия жөндөмдүүлүгүн – журналистиканын чыныгы кайталангыс сапаттарын алмаштыра албайт”, – деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы ошондой эле экономикадагы жетишкендиктер менен бөлүшүп, өлкөнүн ИДПсынын жана бюджетинин өсүшүн белгиледи. Ал Кыргызстандын башкы байлыгы катары адамдык капиталдын маанилүүлүгүнө, мындан тышкары коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү темасына токтолуп, бул жаатта алгылыктуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров журналисттерге кайрылып, Кыргызстандын туристтер үчүн жагымдуу өлкө катары позитивдүү имиджин түзүүгө чакырды.

“Келиңиздер, өлкөбүз жөнүндө оң маанайда жазып, терс жаңылыктарга азыраак көңүл бурганга аракет кылалы”, — минкаб төрагасы.

Ал андан ары эле журналисттердин суроолоруна жооп берип, ата мекендик журналистиканы жана басма сөз каражаттарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

“Быйыл жана келерки жылы биз орчундуу учурду — эки көрүнүктүү басылманын: “Кыргыз-Туусу” гезитинин жана “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул гезиттер өлкөбүздүн тарыхынын күбөлөрү гана болбостон, анын калыптанышына да активдүү катышуучулар болуп калышты. Алар замандын демин чагылдырып, эң маанилүү окуяларды жарыялап, коомдо болуп жаткан окуялардан кабардар болууга жардам беришкен. Мен бул басылмалардын башатында тургандардын баарына, ошондой эле бүгүнкү күндө алардын ишин улантып жаткандарга терең ыраазычылык билдиргим келет”, — деп сөзүн жыйынтыктаган министрлер кабинетинин төрагасы, журналисттерге ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий