Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров КТРК телеканалына маек куруп, анда өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу өз пикирин билдирген.
Алсак, мамлекет башчысы акыркы 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан мамлекеттик чек ара маселесине токтолгон.
Президенттин айтуусуна караганда, кайсы гана мамлекеттин болбосун анын коопсуздугу жана бүтүндүгү биринчи кезекте чек ара маселесинен башталат. "Чек ара маселесин чечишип, такташып алалы дегенибиз - бул эртеңки мамлекеттик келечеги, коопсуздугу. Ошондуктан биз чек ара маселесин тез арада бүтүрөлү деген аракетибиз бар. Казакстан, Кытай менен чек ара маселеси чечилген. Коңшу Өзбекстан менен Тажикстан менен аягына чейин тактала элек. Биз бул маселени аягына чыгарып алышыбыз керек. Ошондо гана биз өзүбүздү коопсуз мамлекет деп атасак болот. Анткени бардык чек аралар чечилип, казыктар орнотулуп калат", - дейт мамлекет башчысы.
Президент өз сөзүндө күн мурун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Баткен облусунда болгон окуяга токтолду.
"Тажикстан менен чектешкен аймактан эки баланы алып өтүп, сабап, айрым маалыматтарды сурап, кайра коё берген учур болду. Ушундай жагдайлар чек ара маселеси чечилмейин боло берет жана кайталана берет. Буга чейин деле болуп келген. Биз чек ара маселесин каалайбызбы же жокпу чечишибиз керек", - деп баса белгиледи Жапаров.
Президенттин айтуусуна караганда, чек ара маселеси бир эле айылдын жери менен чечилип калбайт. "Биз бир чоң мамлекетпиз. Керек болсо Таластан бир жер берсек, ошондой эле жерди Баткенден алышыбыз мүмкүн. Же болбосо Түптөн бир жерди алсак, мисалга, Ат-Башыдан башка жерди беришибиз мүмкүн. Чек ара маселеси ушинтип чечилет. Бир жактуу болуп, биздин пайдабызга чечилиши керек десек, анда бул маселе чечилбейт. Бул маселени сүйлөшүүлөрдүн жолу менен чечилиши керек. Жергиликтүү эл менен да макулдашылат", - дейт ал.
Өлкө башчысы чек ара маселеси мурда жабык эшик артында чечилип келсе, азыр баары ачык-айкын болуп жаткандыгын билдирди. Негизи кагаздардын көбү жашыруун деп эсептелинет, бирок алдын ала эл менен эсептешилүүдө.
"Ташиев барып протоколго кол коюп келсе маселе бүтпөйт. Чек ара төрт этаптан турат. Жумушчу комиссия макулдашып келет, андан кийин баары такташып, президенттерге киргизет, алар карап макул болсо, анда парламентке жөнөтөт. Ал эми макул эмес болсо кайра артка жөнөтөт. Парламент карап, ратификациядан өткөрүп берет, андан соң президенттер кол койгондон кийин маселе чечилет. Бул башталышы гана. Ызы-чуу түшүп, андай саясат жүргүзбөш керек", - деп, чек ара маселеси акылдашуу, макулдашуу жолу менен чечиле тургандыгын кошумчалады.
Пикир
Оставить комментарий