• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыркы 10 айда өрт өчүрүүчүлөр 1100 адамдын өмүрү сактап калышкан

Коом 0

Бишкек, 17.11.17 /Кабар/. 2011-жылдан тартып 2017-жылдын октябрь айына чейин республиканын аймагында 27558 өрт кырсыгы катталган, анын ичинен 64ү өтө ири өрт кырсыктары болуп эсептелинет.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөн келтирилген материалдык чыгым 2 млрд. 618 миллион сомду түздү. Өрт кырсыгынын кесепетинен 496 адам каза болсо, анын ичинен 50сү жаш балдар. Ал эми өрттөрдүн кесепетинен 440 адам жабыркаган.

Ошол эле мезгилде, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 1100 адамдын өмүрү жана 31 млрд. 524 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн келип чыгуусунун негизги себептери төмөнкүлөр болгон: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, балдардын от менен ойноосу, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуу. Катталган өрт кырсыктарынын ичинен15 318 өрт турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (15318 өрт), 857 млн. 384 мин сомдук материалдык чыгымды түзгөн, ал эми өрттүн бул түрүнөн 412 адам каза тапкан.

2011-жылдан 2017-жылдын октябрь айына чейин өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды. Айтсак, массалык маалымат каражаттарында 6845 макала жарыкка чыгып, 5502 теле жана 31750 радио берүүлөр уюштурулган. 399 417 жолу 3 205 592 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн. Күнүгө болуп өткөн өрттөр жөнүндө өлкөбүздөгү массалык маалымат каражаттарына маалыматтар берилип турат.

Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 13192 маалымат жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий