• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы 10 жылда 50 жыл аралыгына салыштырмалуу көп желим чыгарылган - Пол Эммет

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Акыркы 10 жылда 50 жылга аралыгына салыштырмалуу көбүрөөк желим чыгарылган. Бул тууралуу “Let’s do it world” глобалдык экологиялык кыймылынын расмий өкүлү Пол Эммет “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө желимдин 300-400 түрү бар.

“Акыркы 10 жылдын ичинде дүйнөдө 50 жылдагыга салыштырмалуу көбүрөөк желим чыгарылган. Анын саны дагы көбөйөт. “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” акциясынын идеясы – желимди анын орду болбогон жайлардан – адамдар жашаган аймактардан алып салуу. Аталган иш-чарадан кийин абал өзгөрөт деп үмүттөнөбүз”, - деди Эммет.

Ошондой эле ал Жаңы Зеландияда бүтүндөй калк 15-сентябрда чыгып, өз өлкөсүн тазалай тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий