• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акыркы бир күндө өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт саат 2:58де толук өчүрүлгөн.

Чүй облусунун Петровка айылындагы Совет көчөсүнүн №214 жыгач устундуу черепица жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий