Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 149 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 149 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 258 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 254 миң 653 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 46 миң 885 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий