• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акыркы эки жылда маданият тармагын каржылоого мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулууда – Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрими Дүйшөналиева - Кабар/. Акыркы эки жылда маданият тармагын каржылоого мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулууда. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 6 айда республикалык бюджеттен маданият чөйрөсүн байытууга кошумча 373 млн 515 миң сом бөлүндү. 2023-жылдан 2024-жылга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын фондунан жана республикалык бюджеттен маданият, искусство, спорт жана жаштар саясатынын потенциалын өнүктүрүү үчүн 1 млн 316 миң сом өлчөмүндө каражат каралган.

“Гастролдору жана спектаклдери бар дээрлик бардык мекемелер региондордо, чет өлкөлөрдө болуп, элдин маданий суроо-талаптарын канааттандыра алышты. Мында мамлекет тарабынан театралдык оюн-зоок мекемелерине жаңы спектаклдерди коюуга, костюмдарды тигүүгө, аспаптарды сатып алууга жана гастролдорго бөлүнгөн каражат максаттуу жумшалды деп айтууга болот. 2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууга 2024-жылы 156 млн 935 миң сом бөлүнгөн”, - деди ал.

Ошондой эле Тимурлан Ажымалиев кыргыз сериалдарын жана Кинематография департаментине караштуу “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемесинин материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 96 млн 500 миң сом бөлүнгөнүн айтты.

“Үстүбүздөгү жылга бекитилген бюджет 6 млрд 312 млн 549 миң 300 сомду түзөт. Такталган бюджет 7 млрд 110 млн 11 миң 500 сомду түзөт. Кассалык чыгаша 2 млрд 796 млн 869 миң 700 сомду же 39,3% ды түздү”, - деп кошумчалады Тимурлан Ажымалиев.

Пикир

Оставить комментарий