Бүгүн, 4-декабрда өлкөдө “Манас” эпосунун күнү белгиленүүдө. Бул күндү белгилөөнүн максаты "Манас" эпосун сактоо жана жайылтуу, ошондой эле өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, манасчыларга колдоо көрсөтүү болуп саналат. "Манас" эпосун коомго жайылтуу аракети бүгүнкү күндө кандай жүрүп жатат? Бул жаатта кандай иштер жасалууда? “Кабар” маалымат агенттиги Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты, журналист Шайырбек Абдырахман уулу менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алды.
— Саламатсызбы? Бүгүн “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Алгач ушул маанилүү дата тууралуу айтып берсеңиз?
— Бүгүн Кыргызстанда “Манас” эпосунун күнү белгиленүүдө. Учурдан пайдаланып бүткүл кыргызстандыктарды ушул майрам менен куттуктап кетким келет. "Манас" эпосунун күнүн өзүнчө белгилегенибиз абдан жакшы көрүнүш. Эгерде "Манас" эпосу, аны угуп тарбия алган журт башчы, баатырлар болбогондо биз бүгүнкү күндө Ала-Тоодой болгон көйкөлгөн жерибизди ээлеп отура алмак эмеспиз. Кайсы бир элдердин катарына же кайсы бир элдин курамына кошулуп кетмекпиз. Биздин тилибиз дагы, кыргыз деген атыбыз дагы өчүп кетмек. Мына ошол Манас, Бакай, Кошой, Чубак, Сыргак, Алмамбет жана башка баатырларыбыздын баяндарын угуп, ошолордон шыктанып келген биздин мыктылар эки тизгин бир чылбырды эч бир элге бербестен, кыргыз деген атыбызды өчүрбөй, өлбөй- өчпөй, жок болуп кетпей ушул кылымга жетип келдик. Ошондуктан "Манас" эпосунун күнүн белгилеп турушубуз керек.
— “Манас” бул ооздон оозго айтылып келген эң көлөмдүү эпос. Аны коомго жайылтуу аракети кандай жүрүп жатат?
— Бүгүнкү күндө "Манас" эпосун жайылтуу иштери мамлекетибизде бир аз солгун экенин тана албайбыз. Бирок аракеттер аябай жакшы болуп жатат. Айрыкча президент Садыр Жапаровдун эки жыл мурда чыккан жарлыгынын негизинде далай иштер аткарылды. Мисалы, атайын манасчылар үчүн “Манас” театры ачылып, аларга бюджет каралып манасчылар айлык алып баштады. Мен манасчылар менен өмүр бою чогуу, дос болуп жүргөн киши катары айтайын буга чейин бир дагы манасчы айлык алчу эмес. Манасчылардын турмушу, алардын жашоосу тууралуу мен ютуб каналымда бир топ көрсөтүүлөрдү жасагам. Алардын басып өткөн жолу азыркыга чейин менин көз алдымда тартылып турат. Азыр эми манасчыларыбызга жакшы шарттар түзүлүп, аздыр-көптүр маяна алып жатышат. Буга дагы шүгүр дешибиз керек.
— Мамлекет тараптан "Манас" эпосуна кандай көңүл бурулуп жатканына кененирээк токтоло кетсеңиз?
— Бүгүнкү күндө дагы жаңы мыйзам долбоору каралып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганы турат. Анда манасчыларга болгон шарт, аларга болгон кам көрүү жакшы жолго коюлат деп ойлойм. Мектептерде, окуу жайларда Манас сабагы окутулуп жатат. Бул дагы биздин "Манас" эпосун жайылтууга болгон өлкөнүн далалаты. Албетте, дагы мындан да жакшырак жайылтышыбыз керек. Балдар үчүн мультфильмдерди тартуу, атайын программаларды, китептерди чыгаруу керек. Балдар менен гана чектелбестен, улуулар үчүн дагы атайын китептерди чыгаруу зарыл. Азыр жаштардын көбү интернетте отургандыктан, интернетке атайын контенттентерди жасоо керек. "Манас" эпосун жайылтуу боюнча иштерди байма-бай токтоосуз жүргүзүп туруш керек. Идеология деген бир дагы секунд тыным албай иштеши керек, ошондо ата-бабаларыбыз бизге өткөрүп кеткен, баалуулуктарыбызды келечек муунга өткөрүп беребиз.
— Сиз дагы азыркы тапта “Манас” эпосунун китебин аудиолоштуруп, өзүңүздун ютуб каналыңызга жүктөп, жарыялап келесиз. Аны кызыгып көргөн көрүүчүлөрдүн саны арбын болуп калса керек?
— Эки жылдан бери "Манас" эпосун кара сөз менен окуп түшүнгөнүмдү көрүүчүлөргө жеткиргени колумдан келишинче аракет кылдым. Алгач Сагымбай Орозбаков атабыздын вариантында жаздырылып алынган Манасты окуп, калкыбызга кара сөз түрүндө баяндап айтып бердим. Ютуб каналымда 20 мүнөттөн 104 көрсөтүү чыкты. Андан кийин Саякбай Каралаев атабыздын вариантындагы Манасты айтып бердим. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча дагы 20 мүнөттөн 40 мүнөткө чейин 41 көрсөтүү чыкты. Алдыда 4-декабрда соңку көрсөтүү чыгат. Анда "Сейтек" эпосу боюнча, 1958-жылы чыккан кошмо Манастан окуп, колумдан келишинче аракет кылып айтып бердим. Бул ишке 2 жыл убакыт кетти. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгын жарандардын ичинде мен дагы колумдан келишинче аткардым. Күн санап көрүүчүлөрүбүздүн саны өсүп жатат. Мисалы өткөн жумага караганда, бул жумада 20-30 пайызга элдин көрүүсүнүн көбөйгөнүн байкасак болот. Көрүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 50 пайызга өскөнүн байкадык. Баш-аягы 153 көрсөтүү. Бул шоу эмес, "тигинин буту минтип калыптыр же болбосо бирөөнүн туфлиси кызыл экен, тигинин көйнөгү ак экен" деген сыяктуу бул жеңил-желпи маалымат эмес. Бул "Манас" эпосун баяндаган 153 көрсөтүү. Анын көрүүчүлөрү акырындап көбөйөт. Биздин азыркы аналибиз боюнча Манас, Семетей, Сейтек көрсөтүүлөрү көрүүчүлөрдү күн санап арбап бара жатат. Көрсөтүүбүздүн ичинен эң көп күйөрман топтогону азыр 30 миңден ашты. Ал эми калган көрсөтүүлөрүбүз да акырындап күйөрман топтоп келе жатат.
— "Манас" эпосу боюнча жасаган көрсөтүүңүздү мектеп программаларына кошолу деген сунуштар болдубу?
— Мага азырынча мындай сунуш болгон жок. Мүмкүн алдыда болуп калат. Бирок, мен кечээ эле “Манас” академиясы уюштурган манас таануучулардын республикалык форумуна катышып келдим. Форумдун катышуучуларынын 70-80 пайызын жер-жерлерден келген мугалимдер түздү. Ошол мугалимдердин көпчүлүгү Ютуб каналдагы мен айтып берген кара сөз түрүндөгү Манас, Семетей, Сейтекти сабак берүүдө кошумча курал катары колдонуп жатканын жана өздөрү дагы көрүп жаткандыктарын айтып, мени абдан кубандырышты. Андан сырткары, “Сапат” мектеби жыл сайын маал-маалы менен мени чакырып, Манас сабагын өткөрүп турушат. Ошондой эле Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайында дагы келечектеги психологдорго, тилчилерге Манас сабагын өтүп турам. Мына ушундай чакыруулар, кайрылуулар абдан көп. Эгерде мектеп программасына киргизе турган болсок, Манасты башынан айтып, баяндап, атайын сабак катары мыкты деңгээлде өткөрүү жоопкерчилигин Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүп берсе болот. Албетте, Билим берүү министрлиги кандайдыр бир финансылык каражат бөлүп, шарт түзүп берсе, биз сөзсүз кызматташууга дайым даярбыз.
— Бүгүнкү күндөгү элибиздин "Манас" угуу маданиятына кандай баа бересиз?
— Элибиздин "Манас" угуу маданиятын айтуудан мурда, биз өзүбүз "Манас" эпосун жеткирүү маданиятын жакшы жолго коюшубуз керек.
— "Манас" эпосун жайылтууда дагы кандай иш-аракеттер жасалышы керек?
— "Манасты" ыр түрүндө китеп кылып чыгарып муну окугула деп отура бербестен, азыр заман чакырыгы кайсыл жакта болуп жатат ошого көңүл бурушубуз керек. Учурда басса-турса балдардын баары телефондо, заман абдан катуу өнүгүп кетти. Биз азыр өнүккөн замандын так ортосунда болуубуз керек. Өзүбүздүн "Манасты" жайылтуу үчүн интернетте, социалдык тармактарда элдин көңүлү ооп кызыгып жаткан тармактарда көрүнүп турушубуз керек. Антпесек келечек муун бизди артта, эскирип калган, колдонуудан чыгып бараткан нерсе катары көрүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан, эгер "Манасты" жайылта турган болсок, анда тасмаларда, сериалдарда, мультфильмдерде жана социалдык тармактарда мына ушундай чоң продукцияларды даярдашыбыз керек.
Маектешкен Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий