Акыркы суткада 57 медкызматкерден коронавирус илдети аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.01.22 /Кабар/. Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 57 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында - 41, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Чүй облусунда – 4, Талас облусунда – 2 медицина кызматкери илдет жуктурган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7159 учур катталды.

Алардын ичинен бир суткада стационардан – 3 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6932 медициналык кызматкер айыкты.

Пикир

Оставить комментарий