Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирустан 1061 адам каза болгон.
Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 316ны түзөт. Алардын ичинен 39 миң 648 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий