Акыркы жылдары Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту кыйла өстү – эксперт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 28.05.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту кыйла өстү. Бул тууралуу саясат таануучу, "Ой Ордо" ыкчам демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБге кириши логикалык жактан алганда маанилүү кадамдардын бири болгон. Ошол маалда Кыргызстандын башкы сода-экономикалык өнөктөштөрү Россия менен Казакстан эле. Биримдикке мүчө катары эсептелгенден бери Кыргызстан экспортунун көрсөткүчүн кыйла жакшырта алды.

“Товарларды экспорттоодо учурда Кыргызстан ЕАЭБде лидер болуп саналат. Биримдиктеги мүчө мамлекеттердин арасынан Кыргызстан менен Россиянын товар алмашуусу жогорулады. Биз импортко гана көз каранды болуп олтурбай, продукцияларды экспорттоону колго алдык. Биринчиден, бул биздин өлкөдөн жеңил өнөр жай товарлары чыгарылууда. Буга Россиянын дүкөндөрүндө “Made in Кyrgyzstan” деген эн белгиси бар кийим-кечектердин илиниши, аларга болгон суроо-талаптын өсүшү далил экендигин айтсак болот. Мындай сода алакалардын жыйынтыгында Россия менен Кыргызстандын товар алмашуусу акыркы жылдары дээрлик 4 млрд АКШ долларына чамалады», - деди ал.

Ошондой эле Игорь Шестаков ЕАЭБдин алкагында, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү ийгиликтүү иштеп жаткандыгын белгиледи.

“Бул фонддун башкы максаттарынын бири экспорттоого ылайыкталган продукцияларды өндүрүүнү колдоого алуу болчу. Үзгүлтүксүз каржылоонун аркасында Кыргызстанда, өзгөчө аймактарда экспорттук товарларды өндүрүүчү ишканалар ачылып жатат”, - дейт Шестаков.

Саясат таануучунун баамында, Кыргызстандын ЕАЭБге багытталган экспортунун көрсөткүчтөрү барган сайын өсүп жаткандыктан, атамекендик товарларды эл аралык рынокко чыгарууну уланта берүү зарыл.

«Бүгүнкү күндө Вайлдберриз, Озон маркетплейстеринин аянтчаларында кыргыз продукциялары да жайгашып, ЕАЭБ мамлекеттеринин рынокторун камсыздап жатат. Буга байланыштуу жаңы орундардын түзүлүүсү жөнүндө божомолдордун айтылып жатканы алдыда артыкчылыктуу деп эсептелген тармактарда иштердин натыйжалуу болоруна ишеним артсак болот», - деп эсептейт Игорь Шестаков.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын Евразия экономикалык бирикмесине мүчө мамлекеттер менен 2023-жылдагы соода жүгүртүүсү 4,4 млрд долларды түзгөн. Анын 67,3%ы Россияга, 30,3%ы Казакстанга туура келет.

Эске салсак, 2014-жылдын 29-майында ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган. Быйыл бул биримдиктин түзүлгөнүнө туура 10 жыл толду.

Эксперттердин пикиринде, 10 жыл аралыгында Евразия экономикалык биримдиги аймактагы ири биримдиктердин бирине айлана алды.

Пикир

Оставить комментарий