• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

“Альянс Алтын” КРнын күрөш боюнча курама командасынын 10 мүчөсүн спорттук экипировка менен камсыздады

Спорт 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. “Альянс Алтын” компаниясы Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын 10 мүчөсүн спорттук экипировка менен камсыздады.

Компаниядан билдиришкендей, экипировкалар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Джусупбеков, Ислам Орозбеков, Алмаз уулу Бекзат, Раззак Бейшекеев, Калидин Асыкеев, Атабек Азизбеков жана Тынар Шаршенбековго тапшырылды.

Учурда спортчулар Сербиянын борбору Белград шаарында 16-24-сентябрда өтө турган 2023-жылы күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты даярданууда.

Медалдар күрөштүн эркин, грек-рим жана аялдар арасындагы түрү боюнча ойнотулат.

"Спорт тармагына жардам берүү менен биз дени сак жашоо образын жайылтууга жана өлкөбүздүн дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүүгө салым кошуп жатабыз. Балбандарыбызга ийгилик каалайбыз! Алар дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын атын дагы да чыгарып, 2024-жылы боло турган Олимпиадага жолдомо алышат деген терең ишенимдебиз", - деп белгилейт "Альянс Алтын" компаниясы.

Ошондой эле “Альянс Алтын” ишканасы 2022-жылы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети менен кызматташтык келишимин түзгөн жана убак-убагы менен спорттун олимпиадалык ар кыл түрлөрүнүн өкүлдөрүн колдоого алып келет.

Пикир

Оставить комментарий