Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы "Ала-Арча" дарыясынын нугундагы муздарды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда борбордун Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондорунда муздарды тазалоо иштери механикалык жана кол менен жүргүзүлүүдө.
Белгиленгендей, муздун тоңуу процесси суунун эркин агымына тоскоол болуп, суу ташкынына алып келиши мүмкүн.
Жеке коопсуздукту камсыз кылуу жана кырсыктардын алдын алуу максатында ишкана балдарды "Ала-Арча" жана "Аламүдүн" сууларынын жээктерине, ошондой эле ачык каналдарга жакын жолотпоону сунуштайт.
Кыш мезгилинде суу объектилери кооптуу болушу мүмкүн жана алардын айланасында этият болуу өтө маанилүү.
"Урматтуу шаардыктар! Өзүңүзгө кам көрүп, шаардык кызматтын кызматкерлерине урмат көрсөтүңүз",-деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий