• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Ала-Арча" паркындагы эски музейдин кеңсеси оңдолуп, жогорку класстагы мейманканага айланды

Коом 0


Бишкек, 02.01.24./Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы эски музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманканага айланды. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, аталган имарат абдан кейиштүү абалда болгон, учурда бардык шарттары менен жаңыланды.

"Президентибиздин жеке демилгеси менен "Ала-Арча" паркында акыркы жылдары бир топ иштер жасалууда. Бул жумуштар 2024-жылы дагы уланат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий